Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү камалды

  • 2 года мурун

5-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин (УКМК) тарабынан “К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун” мүчөлөрү кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
«Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча каралып жаткан жана кылмыштын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында, кылмыштуу топ уюштуруп, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча төмөнкү жарандар кармалды:
Алар- 1984-жылы туулган Абдулдабеков Эдил, 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзат, 1972-жылы туулган Лепихин Александр, 1972-жылы туулган Кирчанов Дмитрий, 1895-жылы туулган Токтакунов Кенешбек, 2001-жылы туулган Тыныбек уулу Мээримбек.
Ал жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, «А.Э.М» ге таандык кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү аныкталууда.
Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот» деп айтылат маалыматта.

«К. Асанбектин кылмыштуу тобу» деген топ социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу болуп эсептелет.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты