Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү акча опузалоого шектелүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик  кызматы (УКМК) тарабынан 17-февралда кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун жеке ишкерлерди коркутуп, опузалап акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында А.А.И. аттуу жарандан акча каражатын алып жаткан жеринен мурда ар кандай кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү 1993-жылы туулган А.у.Э., 1992-жылы туулган Р.Э.Р.кармалышты.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жыйынын убактылуукармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалгандардын уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар башка фактыларды жана башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты