Уюшкан кылмыштуу топтун “Кеша” каймана аты бар мүчөсү кармалды
- 10 месяцев мурун
- Видео
2009-жылдан бери ыкчам каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) тарапташы, мурда А.Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон – Р.К.Р. (каймана аты «Кеша») кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) басма сөз бобору билдирди.
“Р.К.Р. 2016-жылы тыюу салынган баңги заттарын саткандыгы үчүн 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген. Жазасынын жарымын өтөгөндөн кийин, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз берип, Токтогул райондук соту аны канааттандырган. 2022-жылдын 18-октябрынан 2025-жылдын 13-мартына чейин пробациялык көзөмөлдө болгон. Пробациялык көзөмөлдө жүргөн мезгилде, 2024-жылдын декабрь айында Р.К.Р» көзөмөл шарттарын одоно бузуп, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын Казакстанды көздөй «брод» деп аталган тилке аркылуу дайыма мыйзамсыз кесип өтүп жүргөн” деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын 2-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында тыюу салынган заттарды ташып кирүү жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында Р.К.Р. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК кылмыштын баардык жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




