Уюшкан кылмыштуу топтун “Чач” каймана аты бар активдүү мүчөсү кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 5-июлда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана аттуу жаран М.Э.М. кармалды. Уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсү зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Ал ИИМдин “АБД-ТОР” каттоосунда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат. Мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москвадагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп аталган.

Уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсү зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармоо учурунда жеке тинтүүдө М.Э.М.ден 10 граммга жакын өзгөчө жыты бар “гашиш” заты табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Ошол эле учурда кармалган жаран баңги затын колдонуу боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, оң натыйжа берген. Кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

УКМК кармалган М.Э.М.дин кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдар болсо КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча нөөмөт кызматына (03722) 5-60-49 телефону аркылуу кайрылууну сурайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты