Уюшкан кылмыштуу топ мүчөсүнөн баңгизат табылды

Буга чейин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыштуу түзүмдөр менен тыгыз байланышта болгон белгилүү топ борбор калаада баңгизат сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул топтун катышуучуларынын бири А.уулу Н. уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы аныкталган.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Талас облусунун 1992-жылы туулган тургуну А.уулу Н. ны тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар, кочкул-жашыл түстөгү, жалпы салмагы 22 грамм гашиш баңгизаты табылып, тергөө кызматына тапшырылган.
Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт жана видео: ИИМдин басма сөз кызматы


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты