Уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн шайлоого кийлигиштирбөө чаралары көрүлдү

  • 2 года мурун

8-ноябрдан 12-ноябрга чейинки аралыкта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин органдарына мурда ар кандай кылмыш жасагандыгы үчүн сот жообуна тартылган бир катар жарандар алынып келинип, алар менен тиешелүү тергөө аракеттери, ошондой эле алардын шайлоо процесстерине кийлигишүүсүнө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Ички иштер министрлиги менен бирге республиканын бардык аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча атайын тергөө-ыкчам иш-чараларын пландык негизде улантып жаткандыгы белгиленди.

УКМК жарандардан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн шайлоо процесстерине кийлигишүүсү же башка мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат келип түшкөн учурда, КР мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү чараларды көрүү үчүн кайрылууну өтүнөт.

УКМК нөөмөт бөлүмүнүн телефону: (0312) 66-04-75, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктардагы ишеним телефондорго кайрылсаңыздар болот:

• Чуй облусу (0312) 54-07 19;

• Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;

• Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;

• Ош облусу: (03222) 2-30-78;

• Талас облусу: (03422) 5-20-43;

• Баткен облусу: (03622) 5-00-33.

• Нарын облусу: (03522) 5-08-49.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты