Уюлдук телефондор 25-июндан тартып милдеттүү түрдө каттала баштайт

  • 2 недели мурун

25-июндан тартып Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат.

Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалыматында айтылат.

Аталган маалыматта Юстиция министрлиги мындай чараны рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

25-июндан тартып уюлдук телефондор Мамлекеттик идентификация системасында (www.imei.kg сайтында) катталышы керек.

Алгачкы эки ай ичинде жарандар эки телефонго чейин акысыз каттай алышат. Ал эми катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты