Казакстанда бажылык тариздөөдөн өткөн жүк ташуучу унааларды Кыргызстанда мыйзамсыз каттоого шектүүлөр кармалды

Казакстан бажысынан өткөн жүк ташуучу автотранспортту Кыргызстанда мыйзамсыз каттоо фактысы аныкталды.  

Казакстан үчүнчү өлкөлөрдөн 7 жыл мурда чыгарылган жүк ташуучу унааларды импорттоодо Дүйнөлүк соода уюмдарынын бажы алымдарынан нарктын 10% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн бааны колдонот, ал эми ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине ылайык, импорттук бажы алымынын суммасы 1 куб см үчүн 1 еврону түзөт.

Мындай жагдайдан пайдаланып, жеке адамдар транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин кызмат адамдары менен алдын-ала сүйлөшүп алып, биримдиктин товары болбогон жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын каттоо жана алгачкы каттоого алуу боюнча аталган агенттикте мыйзамсыз коррупциялык схеманы уюштурушкан.

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жана мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага каршы башкы башкармалыгы тарабынан 3000ден ашык мындай чыгарылганына 7 жылдан ашкан жүк ташуучу унаа катталгандыгы аныкталды.

Бир жүк ташуучу унаадан бажы төлөмдөрүн кем төлөөдөгү айырма 1 млн сом- 1млн 500 миң сомду түзөт.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бул коррупциялык схемага тиешеси бар 5 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 Учурда тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Казакстанда бажылык тариздөөдөн өткөн жүк ташуучу унааларды Кыргызстанда мыйзамсыз каттоого шектүүлөр кармалды
Казакстанда бажылык тариздөөдөн өткөн жүк ташуучу унааларды Кыргызстанда мыйзамсыз каттоого шектүүлөр кармалды
Казакстанда бажылык тариздөөдөн өткөн жүк ташуучу унааларды Кыргызстанда мыйзамсыз каттоого шектүүлөр кармалды
Казакстанда бажылык тариздөөдөн өткөн жүк ташуучу унааларды Кыргызстанда мыйзамсыз каттоого шектүүлөр кармалды
Казакстанда бажылык тариздөөдөн өткөн жүк ташуучу унааларды Кыргызстанда мыйзамсыз каттоого шектүүлөр кармалды

Башкы сүрөт: Илююстрациялык

Сүрөттөрдө: Шектүүлөр. УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты