Коммерциялык эмес уюмдарды каттоо жана ишин текшерүү жобосу бекитилди

  • 2 месяца мурун

Юстиция министрлиги тарабынан Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардыкаттоо жана алардын ишин текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Бул тууралуу юстиция министрлиги билдирди.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын 171-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруунун алкагында, тиешелүү арыздар, 2024 жылдын 16- майынан тартып эки айдын ичинде юстиция министрлигине берилиш керек (коммерциялык эмес уюмдарды Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыздар).

14-мартта Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам долбооруна 66 депутат «макул» деп добуш берсе, 5 эл өкүлү «каршы» болду. Каршы добуш берген депутаттар Дастан Бекешев, Чыңгыз Айдарбеков, Сеидбек Атамбаев, Эмил Токтошев жана Элвира Сурабалдиева.

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT). 180 уюм аталган мыйзам долбоорун колдобоого чакырган.

Мыйзамга ылайык, «Чет элдик өкүл» деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Садыр Жапаров 2-апрелде Фейсбук баракчасы аркылуу талаштуу “Чет өлкөлүк өкүл» мыйзам долбооруна кол койгонун Фейсбук баракчасына жазган жана ага комментарий берген.  

“Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен. Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт» деген президент Жапаров.

Ал эми жарандык коом, өкмөттүк эмес уюмдар мамлекет башчынын айткандары чындыкка туура келбегенин билдирип келишет.

Буга чейин, Кыргызстандагы 100дөн ашык жарандык уюм “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” (эл арасында «Чет өлкөлүк өкүл» деп аталган ) мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Анда бул мыйзам кабыл алына турган болсо, өлкөгө эл аралык донорлордон келип жаткан каржылык колдоонун көлөмү кескин кыскара турганы, бул жагдай Кыргызстандагы бир катар тармактарга терс таасир этери жазылган.

Мисал катары, калктын арасында оорулардын айрым түрлөрүнүн көп жайылышы айтылып, учурда кургак учук, ВИЧ, рак жана башка илдеттер боюнча коммерциялык уюмдар жарандарга жардам берип келе жатканы белгиленген. Мындан тышкары мыйзамдын кабыл алынышы билим берүү программаларынын жабылышына, адам укуктарынын абалынын начарлашына, өлкөгө келген инвестициялардын кыскарышына алып келиши мүмкүн экени жазылган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты