Сот биринчи жолу айыпталуучулардын баш коргоо чарасына электрондук билерик тагуу чечимин чыгарды

  • 2 месяца мурун

Октябрь жана Биринчи май райондук соттору айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алып, СИЗОдо камоодо отургандарды электрондук көзөмөлгө алмаштырды.

Бул Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы тергөө башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш иштери боюнча айыпталуучуга карата берилген арыздардын негизинде ишке ашырылды.  

“Улуттук коопсуздук комитети жана юстиция министрлиги ортосундагы электрондук байкоо түрүндөгү бөгөт коюу чараларын колдонууда контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө”  биргелешкен буйрукту аткаруунун алкагында, юстиция министрлиги алдындагы пробация департаментинин көчмө тобу УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте биринчи жолу соттун чечиминин негизинде электрондук билерикти тагуу процедурасын жүргүзүштү” деп айтылат маалыматта.

 Ошондой эле билерикти колдонуунун эрежелери, аппаратты бузуу, жабдууларды жок кылуунун кесепеттери тууралуу айыпталуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

Жаңычылдык тергөөдө жаткан адамдарга карата көзөмөлдү күчөтүү жана бөгөт коюу чарасынын шарттарын жакшыртууга багытталган.

Электрондук байкоо жүргүзүү боюнча бөгөт коюу чарасы өзгөчө оор кылмыштарга, ошондой эле зомбулук көрсөтүү менен байланышкан оор кылмыштарга айыпталган адамдарга карата колдонулбайт. 

Иллюстрациялык сүрөт: Электрондук билерик үлгүсү. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты