“Учур” жаштар театрына жаңы жетекчи дайындалды
- 2 недели мурун
Рыскул Боромбаев мамлекеттик “Учур” жаштар театрына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жаңы жетекчини театрдын эмгек жамаатына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев расмий түрдө тааныштырган. Ал Рыскул Боромбаевдин дайындалышы театрды өнүктүрүү үчүн жаңы дем берүүчү кадам болооруна ишенимин билдирип, жаңы жетекчиге чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.
Ошондой эле Тимурлан Ажымалиев жолугушуу учурунда 2025-жылы жаштар театры үчүн жаңы имараттын курулушун баштоо негизги милдет экенин айткан.
“Учур” жаштар театры ар дайым заманбап искусствонун өнүгүүсүнүн маанилүү аянтчасы болуп келген жана болуп калат. Биз жамааттын иши жана чыгармачылыгы үчүн заманбап шарттарды түзүү зарылдыгын жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан театрдын жаңы имаратын куруу — биздин алдыдагы жылдагы негизги долбоорубуздун бири”, — деген министрдин орун басары.
Эске салсак, Рыскул Боромбаев буга чейин Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин директору болуп иштеп келген. Ал бул кызматка 2023-жылдын 24-июлунда дайындалып, 2024-жылдын октябрь айында башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу, өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.
Сүрөт: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы