Маданият министрлиги эскертет: ЖМК эмнени жазышы керек да, эмнени жазбашы керек?

  • 3 месяца мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кечээ, 15-февралда «ПолитКлиника» медиасына эскертүү кат тапшырды.

Катта Конституция ар бир жаранга маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого жана жайылтууга эркин, жазуу жүзүндө жана башка калыпта жайылтууга мүмкүн берээрин белгилейт, ошол эле кезде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жол бербеген маалыматты калк арасында жайылтуу талабын бузгандар мыйзам жоопкерчилигине тартылары эскертилет.

“Буга байланыштуу “ПолитКлиника” медиасында жарык көргөн материалдарды “Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзамдын чегинде жарыялоону эскертебиз. Өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды чагылдырууда чындыкка жатпаган, коомдогу абалды чыңалтууга алып келе турган, жек көрүү сезимин козгогон, коомдо дискриминация жана бөлүнүп-жарылууга алып келе турган  маалыматтарды таратууга жол бербөөгө чакырабыз. Айрыкча тышкы саясатты чагылдырууда өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын эске алуу менен, саясий нейтралдуулукту сактоо принцибин сактоо керектигин белгилейбиз.  Ошондой эле коңшулаш өлкөлөрдөгү ички саясий процесстерин чагылдыруудан оолак болууга чакырабыз, себеби бул коңшулук жана эки тараптуу мамиле принциптерине терс таасир тийгизиши мүмкүн.  

Жогоруда айтылгандарды аткарбаганда жана мыйзамды сактабаган учурларда тиешелүү административдик мүнөздөгү чараларды көрүүгө мажбур болобуз” деп айтылат катта.  

«ПолитКлиника» медиасы материалдарын чагылдырууда журналистиканын стандарттарын, этикасын сактап, бейтарап маалымат берип келет.

Мамлекеттик мекемелердин ЖМКга кандай материалдарды жазып, кандайын жазбаш керектигин көрсөтүү цензура катары бааланышы мүмкүн.

Маданият министрлиги эскертет: ЖМК эмнени жазышы керек да, эмнени жазбашы керек?

        

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты