Рыскул Боромбаев мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды  

  • 10 месяцев мурун

Рыскул Боромбаев Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду.

Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов кызматтан эки ай мурун кеткен.

“Мен циркке жетекчи болуп иштеген төрт жыл ичинде өзүбүздүн өнүгүү концепциябызга ылайык циркти реформалоо, оңдоп-түзөө боюнча бир топ иштерди аткара алган жокпуз. Анткени 4 жыл ичинде 4 маданият министри алмашты. Алардын ар кимисинин циркти реформалоо боюча өз ой-пикири бар. Буга чейин оңдоп-түзөө иштерине бир дагы сом бөлүнгөн жок. Акча бөлүнбөсө жылыш болбойт. Кызматтан өзүм арыз жазып кеткенимдин себеби ушул болду”, – деп билдирген Бекманбетов.

Сүрөт: Министрликтин Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты