«Убакыт бизди күтпөйт». Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депуттарына кайрылды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды. Анда ал эл өкүлдөрүнөн комитеттердин, фракциялардын жана депутаттык топтордун жыйындарына «Министрлер кабинетинин төрагасы жана министрликтердин жетекчилери өзү келсин деген талапты койбоону» суранган.

«Кандай гана маселе каралбасын, ошол маселеге тиешелүү орун басарлары барып жатышат. Министрге караганда каралып жаткан маселени орун басары жакшы билерин билесиздер. Анткени тиешелүү болгон маселелер менен тиешелүү орун басарлары түздөн түз иш алпарышат. Ар бир орун басардын адистигине, багытына жараша иштер бөлүштүрүлүп берилет. Ал эми министр болсо жалпысынан координациялайт. Бирок албетте, өзү жетектеген министрликтин бардык иштери үчүн керт башы менен жооп берет», — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Жапаров эл өкүлдөрү Министрлер кабинетине тиешелүү маселе болсо, өкмөттүн жума күнкү жыйынына катышып, маселени көтөрүүгө толук укуктуу экенин белгилеген.

«Бардык министрлерди, айрым күндөрдө облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүмдү дагы ушул жерден таба аласыздар. Келип, суроо-талаптарыңыздарды койсоңуздар болот. Ошондо маселеңиздер ыкчам чечилет деп ойлойм».

Азыркы жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш ишке 2021-жылдын 29-декабрында киришкен, ал 90 мандаттан турат. Алтынчы чакырылышта 120 депутат болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты