Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү

  • 11 месяцев мурун

Министрлер кабинети тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү токтомго  Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ президенттин 2025-жылдын 19-июнундагы Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат”мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Токтом менен Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси жөнүндөгү жобо жана мамлекеттик мекеменин чектүү штаттык саны бекитилди.

Мекеме Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу-техникалык жактан коштоо иштерин жүргүзөт, ошондой эле санариптик инфраструктуранын жана маалыматтык системалардын иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат.

Сүрөттө: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты