“Е-Дипломат” мамлекеттик мекемесин түзүү жарлыгы чыкты

  • 3 недели мурун

Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) караштуу “Е-Дипломат”мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыкты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Документке ылайык, тышкы миграция чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, уруксат берүү чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле виза жана миграция маселелерине комплекстүү мамилени камсыз кылуу максатында, тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемесин түзүү зарыл деп табылды.

Тышкы иштер министрлигинин штаттык санын 40 бирдикке көбөйтүү боюнча чаралары көрүлмөкчү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты