Тынчтыкбек Чоротегин: “Укуктары бузулган учурда “Азаттыкка” кайрылып, бийликке келгенде кысмакка алышат” (Видео)

“Азаттык” үналгысынын мурдагы жетекчиси, тарыхчы, окумуштуу, публицист Тынчтыкбек Чоротегин сөз эркиндиги, “Азаттык” медиасы, анын тарых барактарында калган урунттуу учурлары, азыркы кездеги эркин ЖМКны кысымга алуу жагдайларын  “ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-Тет” берүүсүндө сөз кылды. Тынчтыкбек Чоротегиндин кабарчыбыз Айгүл Бакеева менен болгон маектешүүсүн сунуш кылабыз.

-Кыргызстан Борбор Азиядагы башка постсоветтик өлкөлөрдөн айырмаланып, 90-жылдардан тартып реформа жолуна түшкөн.  Мунун өзү сөз эркиндигине, Кыргызстандагы мамиле коңшу өлкөлөрдөн айырмалуу, жагымдуу мамиле болгон деп айта алабыз. Маселен, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи жолу Кыргызстанда орто толкун жана ультра кыска толкун аркылуу “Азаттыктын” берүүлөрүн уктура башташкан. Ага чейин кыска толкундар менен гана кармашкан.

Бул 1992-жылдан кийин башталды. Анан акырындап,   биринчи президент Аскар Акаев өз бийлигин чыңдоого аракет кылып, сөз эркиндиги ага тоскоол боло баштаган учур, Барскоондргу цианид кырсыгын, Үзөнгү-Кууш, чек ара маселелерин, Аксы окуларын  чагылдырганда, өзгөчө 2005-жылы парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө чагылдырганда айрыкча эле сезилди.

2005-жылы февраль айынын акырында, 24-февралда,  Аскар Акаевдин бийлиги Кыргызстандагы “Азаттыктын” орто толкундагы, ультра кыска толкундагы берүүлөрүн таптакыр токтотуп салышты.

Анан баарынан кызыгы, 28 күндөн кийин бизде элдик ыңкылап болду. Ыңкылап болгондун эртеси эле “Азаттык” берилип калды, КТР дароо биздин берүүлөрдү бере баштады. Ушу сыяктуу окуя кийин Курманбек Бакиевдин учурунда да болду. Башында ал да сөз эркиндигине мүмкүнчүлүк берген, “Азаттык” менен жакшы иштешкен. Анан авторитардык бийлик өзүн канчалык бекемдеген сайын канчалык  объективдүү, калыс  берүүлөрүбүз аркылуу жолтоо боло баштаган учур болду.

Оболу алар биздин мурдагы демократ, чыгаан журналисттердин бири Мелис Эшимкановду КТРге алып келип, “Ыңгайсыз суроолор” менен “Азаттык плюсту” чыгарбай коюшту. Бирок дагы эле радио аркылуу, акырында бир катар жергиликтүү шериктер аркылуу да “Азаттык” чыга берди.

Андан кийин алар Кыргызстанагы шериктердин баарын күчтөп эле токтоттуруп салды. Ошондон 28-күндөн кийин бизде экинчи ыңкылап болду, 2010-жылдын 7-апрелинде. Бул жөн гана дал келүүчүлүк, сөзсүз эле “Азаттыктан” кийин ушундай болот деген ойду айткым келген жок, бул күлкү келерлик болмок. 

Бирок эң башкысы өздөрүнүн укуктары бузулган учурда “Азаттыкка” көп кайрылышчу дагы, бийликке келип алгандан кийин көмүскө иштери пайда боло баштаса, ошолорду элге жеткирбеш үчүн, “Азаттыкты” кысмакка алган учурлар болгон. Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда дагы байкалды. Ал түгүл, буга чейин жергиликтүү толкундарды тартып алып жүргөн болсо, Атамбаев “Азаттыкты” жаап салган сыяктуу бюрократтык жолго барды.

Бирок Атамбаев азыркы учурда өз катачылыгын мойнуна алды. Биз ошол, катачылыгын мойнуна алган  үчүн ага сөзсүз калыс сөзүбүздү айтышыбыз керек. 

Бирок бүгүнкү күндөгү эркин басма сөздүн  оор ахвалына чоң залакасын тийгизген мурдагы президенттер Атамбаевдин деле. Жээнбековдун деле күнөөсү бар го деп ойлойм.

Азыркы учурда “Азаттык” эле эмес, башка дагы эркин басылмаларга кине коюп, кысмакка алуу аракеттери болуп жатпайбы, мунун өзү,  химияда лакмус кагазы деген түшүнүк бар, лакмус кагазы аркылуу элементтин жаңы касиетке өткөндүгүн тастыктаса болот дегендей. Азыр биз дагы авторитардык режимге кире баштагныбызды соңку учурдагы “Азаттыкты” жөнсүз кодулоо аракеттери көрсөтүп турат.

Түздөн-түз кайрылганда, “Азаттык” медиа кыргыз тилинде жана кыргызстандыктар үчүн орус тилинде материал даярдайт. Алар эч кандай катачылыктарга жол койбогондугу менен белгилүү. 

Ал эми “Азаттык” үналгысына такыр баш ийбеген, жалпы эле Эркин Европа/Азаттык радиосунун алкагындагы “Настоящее время” берүүсү  бар. Баткен окуяларында тажиктердин жоочулары бизге кол салып кирбедиби, согуш аракеттери Кыргызстандын ичинде жүрүп жатты, ошол учурду чагылдырганда Дүйшөмбү шаарындагы кабарчыга үн берген, а Кыргызстандан үч башка кишиге үн берген. Бизде көбүрөөк Кыргызстан чагылдырылып жаткан болчу. Бирок эмне үчүн Душанбеге үн берилди деген кине коюлду. 

Мен  “Настоящее времяда” иштеген эмес болсом да, бир кызык нерсени айта кетейин. Жакында Франция менен Англиянын футболчулары эл аралык таймашта бир кызык натыйжага туш келишти. Француздар жеңди, англичандар жеңилип калды. “Би-би-синин” англис тилиндеги берүүсү кантип чагылдыра баштаар экен деп карап турдум. “Чү” дегенде эле алар шаан-шөкөткө бөлөнүп, куштарланып, ырдап, жыргап жаткан францүз күйөрмандарын берди.

Айрым бир өлкөлөрдө “Эмне үчүн силер душман болуп жаткан жакты биринчи сүйлөттүңөр” деп айтышат эле да. Көрсө, биз цивилизациянын азыркы деңгээлин азырынча жакшы аңдабай жаткан экенбиз. Иш жүзүндө калыс берүү, эки тараптуу берүү деген, ар бир тараптын өкүлүнө сөз берүү дегенди түшүндүрөт.

Ал эми өз тарабынан туура сөз айтышы мүмкүн, туура эмес сөз айтышы мүмкүн, анын баарын эл салыштырып тандайт. Талдоо мүмкүнчүлүгүн биз жалпы калайык калкка берип жатабыз. Ушул сыяктуу мамилени биз башка өңүттөн да колдонушубуз керек.

Кененирээк видеодо:  

 

                        

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты