Суваналиев: “Хабибула Абдукадырдай инвесторлор келсе, Кыргызстан акча адалдоонун “кир жуугучуна” айланат” (Видео)

Эң жаман жагы Хабибула Абдукадырдай инвесторлор өлкөгө келсе, Кыргызстан акча адалдоонун “кир жуугучуна” айланат.

Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Суваналиев “ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-Тет” берүүсүндө билдирди. 

— Эл аралык коомчулукта, укук коргоо органдарынын арасында Кыргызстан транзиттик өлкө катары эсептелет. Бул, биринчиден, Афганистандан келе жаткан баңгизаттар боюнча. Ошондуктан эл аралык уюмдардын баары көзөмөл кылып турат.

Экинчиден, наркотрафик бар жерде чоң акча болот, наркотрафикти коштоп, контрабанда жүрөт. Ошонун негизинде эл аралык уюмдар менен биздин журналисттер иликтөө жасаганда белгилүү болгондой, 700 млн доллар Кыргызстан аркылуу эле кеткени, ал эми Өзбекстан аркылуу кеткени башка. Аябай чоң суммадагы акча, кирешени легализациялоо деп коет, ошого каршы күрөшүү бул факт болуп калды. Анткени Матраимов Райым күнөөсүн мойнуна алып, 2 млрд сом чыгым болгон деп,  2 млрд сом мамлекетке төлөп берди.  Бул — мамлекеттик кызматкер.

Райым Матраимов АКШнын мамлекеттик департаментинин “Магнитский тизмесине” кирип калган. Бул дүйнөлүк коомчулукка тараган. «Магнитскийдин тизмеси» — чоң санкциялык тизме. Ал эми иликтөөдө Райым Матраимовдун байланышы болуп Хабибула Абдукадыр өтүп жатат. 

Бирок Кыргызстандын органдары Октябрь окуясынан кийин аны тергебей эле, Матраимовду жана бажыдагыларды эле тергеп койгон. Ошону менен токтоп калышкан. Бирок укуктук баа берилбей калды.  Ошондуктан ага издөө да жарыяланган эмес. Ошону президент Садыр Жапаров айтып жатат. 

Экинчиден, Саймаитинин өлүмү боюнча, чуулгандуу, резонанс берген. Түркияда Саймаитини атып кеткенде ал биздин консулдун машинасы менен жүргөн.

Бүгүнкү күндө  ошол эле Абдукадыр мурунку президенттер менен дос болуп, алар менен жүргөн, ал эми Саймаити ачык эле айткан, ошол акчанын баары Абдукадырдын акчасы, аны адалдаштырып алып чыгып жатам деген. Ошол акчаларды чоңдорго пара түрүндө берип жаткам деген жери бар.

Эми карасаңар, аны менен ким сүрөткө түшүп жүрөт? Мурунку президенттер жана анын шопурлары. Алардын баары буга чейин эле айтып “кудай урсун, бир тыйын алган эмесмин” деп айтып келген. Президенттин кимиси болбосун, ошентип айтат. Бирок ошентип сүрөткө түшүп жүргөндөрүн орган кызматкерлери текшербейт да.

Укуктук жагынан алганда, президенттердин үйүндө чай ичип, конок болуп жатканда камикадзелер жок да, барып текшергидей.

Эң жаман жагы, жанагыдай инвесторлор келсе, Кыргызстан орусча айтканда “прачечное белье” отмывания денег”, “акчаны адалдаштыруунун кир жуугучу” болуп калат. Кыргызстандын имиджине доо кетет. Анткени кайсы мамлекет болбосун, таза инвесторлорго жол ачып бериш керек, -деди Өмүрбек Суваналиев «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а_Тет» берүүсүндө

Кененирээк ВИДЕОдо.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты