Өмүрбек Текебаев: Россия менен Евросоюзду, анын ичинде Германияны карама-каршы коюунун кереги жок

  • 2 года мурун

Россия менен Евросоюзду, анын ичинде Германияны  карама-каршы коюштун кереги жок деп айтат элем. Евросоюзга, Германияга барып иштей турган жаштар башкача мотивациядагы, башкача максаты бар, башкача даярдыгы бар адамдар.  

Бул тууралуу Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүндө айтты.

-Эмгек ресурстарын сыртка чыгарууга биздегилер тынчсызданып жатат. “Россиядан миллион мигрантыбыз кайтып келет, биз аларды башка өлкөлөргө жөнөтүшүбүз керек” деп. Россия менен Евросозду, башка өлкөлөрдү карама-каршы койгонго аракет кылып жатышат. Россия менен Евросоюзду, анын ичинде Германияны  карама-каршы коюштун кереги жок деп айтат элем. Евросоюзга, Германияга барып иштей турган жаштар башкача мотивациядагы, башкача максаты бар, башкача даярдыгы бар адамдар.  

Россияга барган жарандардыкы бираз башкачараак болот. Россияны, Кыргызстандын тарыхындагы, кызыкчылыгындагы Россияны, Европа дагы, Америка дагы — эч бир өлкө алмаштыра албайт. Россия менен биздин тарыхыбыз бир. Тарыхыбыз дегеним, ушул залда айтканбыз, биздин ата-бабаларыбыз держава, империя болуп, аты алмашканы менен,  ошол жерде башкарып жүрүшкөн, алтын Ордого чейин, мындайча айтканда.

Ошондуктан биздин жер, биз ылайыкташылган бир чөлкөмбүз. Кокусунан миңдеген жылдар өтсө да, бир чөлкөмдө империялар пайда боло бербейт да. Мазарыбыз бир, суубуз бир, жолубуз бир дегендей, бул бир регион, өзүнчө бүтүн организм. Ошондуктан Россияны башкалар алмаштыра албайт. Биздин акыныбыз айткандай. “Эй, Россия, Россия, бир боор энем/ Мен өңдүү  тоо кушуна койнуң кенен…”

Муну менен Германияга жаштарды жумушка алып барышыбыз керек деп жатышат. Эмне үчүн? Акча бул инвестиция, негизги ролдо эмес. Мындайча айтканда, жукпайт, кетип калат. Ошол акчаны иштете билген адамдар керек.

Германиядан биз технологияларды алып келишибиз керек, жаңы бизнести уюштуруу маданиятын, жаңыча менталитет деп коеюн,  алып келиш керек.   Аны жөн ала албайсың, барып окуп, бир топ жашап, тааныштарды, бизнесмендерди таап, иш кылып, анан ошол стандарттарды алып келген жаштар керек.

Биз Кыргызстандан жаштарды окууга, анан иштөөгө жөнөткөнүбүздүн негизги максаты ушул,- деп билдирди Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүндө.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты