Өмүрбек Текебаев: “Тигил же бул саясий режимге эмес, Кыргызстанга кызмат кылып жатам” (Видео, тексти менен)

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев “ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-Тет” берүүсүнө элчиликтеги иштер, геосаясат жана ички саясат тууралуу маек курду.  

Соода көлөмү жана инвестиция тартуу

-Кыргызстанга Германиядан инвестиция тартуу,  жумушчу күчүн ал жакка тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтылып жатат. Элчиликте бул боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?

-Албетте, көп иш элчинин жеке сапатынан да көз каранды, бирок окурмандарга, көрөрмандарга айткым келет, тири укмуш элчи келип эле “сүф” деп өзү барган өлкөнүн жетекчилеринин, бизнесмендеринин көз караштарын өзгөртүп, баарын Кыргызстан тарапка буруп жиберет деген бул — жомок. Өлкө, өзгөчө Германияга окшогон чоң өлкө, анын бизнесмендери, биринчи кезекте, өздөрүнүн кызыкчылыгын айтышат.  

Кыргызстан — Орто Азиянын борборундагы кичинекей өлкө, кичинекей рынок, ошондуктан ушул кезге чейин алар бизге кызыкпай келип аткан. Борбордук Азияга кызыгышат, ошонун бир бөлүгү катары, анан демократиялык өнүгүү жолунда бара жатканыбыз үчүн кызыгып келген. Бирок соода-сатык көлөмү азайып кеткен. Акыркы кездерде соода көлөмү 60-70 млн доллардын ар жак-бер жагы эле болуп калган. Ал эми экспортубуз азайып отуруп, 10 миллионго жетпей калган. Мына, убагында, 90-жылдары абдан чоң болгон, 2014-2015-жылдардан баштап түшүп кеткен.   

Убагында жылына 50, 40, 30 миллион долларга чейин инвестиция келип түшкөн болсо, акыркы 2013, 2014-жылдардан баштап, орточо 7-8 миллион доллар болуп, бул да түшүп кеткен.

Кыргызстанды кичинекей өлкө дейт, коңшу өлкөлөргө, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга салымдары чоң, анткени алар бай өлкөлөр.

Кыргызстанга бизнесмендердин, өкмөттүн көңүлүн буруп, инвестиция тартып келүү биринчи кезекте бүтүндөй мамлекеттин саясатынан, экинчиден, региондогу геосаясий кырдаалдан улам болот. Биздин соода балансыбызды мамлекет өзү теңдеш керек, экспортубузду көбөйтүш керек.

Ошентип, биздин мамлекет элчиликтердин алдына инвестиция тартып келгиле, экспортубузду көбөйтөлү деген тапшырманы койгон. Андан башка Кыргызстан үчүн ыңгайлуу геосаясий климатты түзүп, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, жылдырып туруш керек.

Бүгүнкү геосаясий кырдаал ушул тапшырмалардын аткарылышына жеңилдик берет. Дүйнөлүк тартиптер өзгөрүп жатат, биздин регионго болгон кызыгуу күчөп жатат. Демек, регионго, анын ичинде Кыргызстанга, инвестиция ошол мамлекеттердин бизнесмендеринин ишарасы, сунушу, кээ бир учурда түздөн-түз колдоосу менен бизнесмендер бул жакка келишет. Биздин максат – аларды кызыктырып, бул жерде кармап калыш.

“Россия менен Еросоюзду, анын ичинде Германияны, карама-каршы койбош керек”

-Андан башка эмгек ресурстарын сыртка чыгарууга биздегилер тынчсызданып жатат. “Россиядан миллион мигрантыбыз кайтып келет, биз аларды башка өлкөлөргө жөнөтүшүбүз керек” деп. Россия менен Евросозду, башка өлкөлөрдү карама-каршы койгонго аракет кылып жатышат.

Россия менен Евросоюзду, анын ичинде Германияны  карама-каршы коюштун кереги жок деп айтат элем. Евросоюзга, Германияга барып иштей турган жаштар башкача мотивациядагы, башкача максаты бар, башкача даярдыгы бар адамдар. 

Россияга биздин жарандар барат, алардыкы бир аз башкача болот. Россияны, Кыргызстандын тарыхындагы, кызыкчылыгындагы Россияны, Европа дагы, Америка дагы, эч бир өлкө алмаштыра албайт. Россия менен биздин тарыхыбыз бир. Тарыхыбыз дегеним, ушул залда айтканбыз, биздин ата-бабаларыбыз держава, империя болуп, аты алмашканы менен,  ошол жерде башкарып жүрүшкөн, алтын Ордого чейин, мындайча айтканда.

Ошондуктан биздин жер, биз ылайыкташылган бир чөлкөмбүз. Кокусунан миңдеген жылдар өтсө да, бир чөлкөмдө империялар пайда боло бербейт да. Мазарыбыз бир, суубуз бир, жолубуз бир дегендей, бул бир регион, өзүнчө бүтүн организм. Ошондуктан Россияны башкалар алмаштыра албайт. Биздин акыныбыз айткандай. “Эй, Россия, Россия, бир боор энем/ Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен…”  

Муну менен Германияга жаштарды жумушка алып барышыбыз керек деп жатышат. Эмне үчүн? Акча бул инвестиция, негизги ролдо эмес. Мындайча айтканда, жукпайт, кетип калат. Ошол акчаны иштете билген адамдар керек. Германиядан биз технологияларды алып келишибиз керек, жаңы бизнести уюштуруу маданиятын, жаңыча менталитет деп коеюн,  алып келиш керек.   Аны жөн ала албайсың, ошол жерден барып окуп, бир топ жашап, тааныштарды, бизнесмендерди таап, иш кылып, анан ошол стандарттарды алып келген жаштар керек. Биз Кыргызстандан жаштарды окууга, иштөөгө жөнөткөнүбүздүн негизги максаты ушул.

-Аларга дагы негизинен квалификациялуу, билимдүү адамдар керек да?

-Мен айткандан кийин, бүт тааныштар Германияга барып иштейт элек”  деп чыгып жатат, «сиз жардам бериңиз, бирөө “немистерге малчылар керек бекен, мен барып кайтарып берейин” дегендей. Элчилик бул иштер менен түздөн-түз алектенбейт, бул иштер менен алектене турган мамлекеттик органдар жана жеке агенттиктер бар. 

Германияда жаш адамдардын саны  азайып жатат. Аларга квалификациялуу, иш билген жумушчу күч керек. Алар бүт дүйнөдөн келишимдин негизинде жумушчу күчтөрдү алып келип отурат. Биз дагы, кудай буюрса, бир-эки айдын ичинде федералдык агентчилик менен так ошондой келишим түзөбүз. Ошол келишимдин негизинде биздин жеке  агенттиктер Германиянын ощондой агенттиктери, ишканалары менен байланышып, Кыргызстандан кадр даярдап, Германиянын ишканаларына жайгаштыра алышат.

Анүчүн алар немис тилин билиш керек, Германиянын заводдоруна, ишканаларына керектүү адистикти бул жерден үйрөнүп, диплому менен барыш керек экен. Ушул келишимден кийин муну жөнгө салыш үчүн бир нече жыл керек. Анткени ал жактан суроо-талап келет, муну биздин окуу жайлар даярдап чыгарып, анан жөнөтө баштайт. Ошондон улам, бүгүн он миң кыргыз барса, жакынкы беш жылда 50 миң кыргыз болот деп айтып жатам, бир эле убакта эмес.  

Соцтармактардагы комментарийлерди анча-мынча окуйм, анда “тентип кеткен кыргызды Текебаев да тентиткен атыптыр” деп. «Мурда орустун кызматын кылып жүрсө, эми немистерге салып берген жатыптыр” дегендей сөздөр бар. Тышкы миграция бул биздин улуттун кадыр-баркына, намысына, арына тийген кубулуш. Бирок дүйнөлүк деңгээлде эмгекти бөлүштүрүү болуп жатканда, бул бизде эле эмес, өнүккөн өлкөлөрдө дагы товар эле эмес, эмгек ресурстары да жылып турат экен.

Немис чиновниги менен сүйлөшкөндө ал айтып калды, !балдар калып калбайбы, коркпойсуңарбы» деп. “Жок, кайтып келет” десем, “ал башын чайкайт, көпчүлүгү бул жакта калып калат” деп.  

Элчилик мамлекеттин атынан кыргыз өкмөтү сырттагы диаспоралар менен тыгыз иштеши керек экен. Диаспоралар ошол өлкөдөгү биздин өкүлүбүз. Бир элчи эмес, миңдеген элчилерибиз ошол жакта болот. Бир канал аркылуу инвестиция алып келбестен, миңдеген канал аркылуу инвестиция алып келебиз. Бир канал аркылуу биздин товарыбызды экспорттобостон, миңдеген каналдар аркылуу Кыргызстандын товарын экспорттойбуз. Ошондуктан диаспоралар менен иштөө биздин перспективалык иш-планыбыздын негизги бөлүгү болуш керек.

Кыргызстандыктар жана гумжардам

-Элчилик ишиңизди ал жактагы кыргызстандыктар менен жолугушуу менен баштадыңыз. Ал жакта алар кандай жумушта иштешет, эмне тууралуу сөз болду?

-Германияда он миңдей кыргызстандык бар экен,  тилекке каршы так биз билбейбиз, ким кандай кесипте иштээрин. Бирок Россияда иштеп жүргөн мигранттарга караганда айырмасы бар, билим алып, ошол жерде калып калгандар көп, бул жактан алмашуу программасы менен барып, жогорку окуу жайларда окуп, башка жерде иштеп жүргөндөр көп. Акыркы кездерде жаштар социалдык кызматтарда иштегенге барып жатат.

-Сиз ишеним грамотасын тапшырганыңызда толкунданып турдук, ошондо Кыргызстандын гимни ойнолуп жатканда кандай сезим болду? Кыргызстандагы кандай социалдык-экономикалык реформалар тууралуу айттыңыз?

-Албетте, мамлекеттер бардык мамлекеттерге протокол боюнча бирдей мамиле кылып, бирдей тосуп алып, узатышат. Бирок мамлекеттин салмагына жараша иш-план түзүшөт. Жакшы тосуп-жакшы узатып алганың менен, аларга кызыгарлык сунуш бере албаганың, адамга жагымсыз сезим калтырат.

Мен Германияга жөнөп жатканда Орто Азияда иштеген герман фондунун өкүлдөрү менен Бишкекте жолуктум. Алар мага кеп-кеңештерин, каалоолорун айтышты, эсимде, кыргызча билген немис жетекчи бар экен, фамилиясын унутуп турам. Акырын кулагыма айтты, “эч убакта акча сурабаңыз” деп. Ошол кеңешине абдан чоң рахмат, мен өзүм деле билет элем, бирок ал Кыргызстандын кемчилигин айтты. “Кайыр сурап эле, иш кылбай эле бер, бер дей бересиңер” дегендей, ачык айткан жок, жөн эле айтып койду. “эч убакта акча сураба” деп. Бизде фамилияларын айтпайын, элдин баары эле билет, келген делегация менен жооптуу, вице-премьери деле, министри деле, “мына, Баткенде ушундай болду, мынча үй жабырланды, үй курганга акча жок, бул жакта жер титиреди, суу алып кетти, биз кыйналып турабыз, ошону курганга акча бер, жардам бер деп кайыр сураган, ачык, эл алдында кайыр сураган, бул мамлекеттик саясаттын  бөлүгү болуп калды да. Анан карыз алып келсе, делегациясынын жетекчиси мактанабыз, ачык чыгып. “Карыз алдык, анын жарымы кечилет, жарымы кредит” деп дардайып калабыз. 

Анан мен ойлойм, биздин өкмөт, элчиликтер, албетте, (кээде долбоорлорго карыз аласың) эч убакта гумжардам сурабаш керек. Эгер болсо да, атайын жабык каналдар бар, ошол жабык каналдар аркылуу болуш керек. Эл уккандай айтылбаш керек.   

Кыргызстан гумжардам бере турган өлкөлөр да бар,  ал жакка дагы биз берип турушубуз керек, соопчулук үчүн дагы. Гумжардам алганга караганда гумжардам берген пайдалуу. Эми көбү айтышы мүмкүн, «биз өзүбүздү өзүбүз бага албай жатсак, кандай пайдалуу» деп. Кээ бир программаларга катышып, биздин карыздын, эл аралык программалардын эсебинен башка өлкөлөргө айыл чарба продуктуларынан, башка жактарынан жардам катары жөнөтсөк, эми ошол акча Кыргызстанда калат да.

Мен мындай дейт элем, Афганистанга биздин айыл чарба продукцияларын, мамлекет дыйкандардан сатып алып эле, жардам деп бериш керек. Ал акча Афганистанга кеткен жок, ал акча Кыргызстандагы дыйкандарда калат, анан Кыргызстандын товарын, айыл чарба продуктусун афган туугандар алып, бөлүштүрүп, бизнесмендери, эли жеп көрүшөт, жагат, жакшы экен дейт, үрөнү калат.

Үрөнү калгандан кийин алар өзүлөрү келип эле Кыргызстандан сатып алат. Биздин товарды рекламалаган, товарга канал, жол ачып, экспортко берген жолу, көрдүңүзбү. Гумжардам берген деп кыргыздын намысын көтөрөбүз, кыйналып жаткан элге биз да жардам берет экенбиз, кайыр  сураган эл эмес экенбиз, биз аякка жардам бердик, биякка жардам бердик деп. Жардамыбыз менен кошо биздин товар өзүнө жол ачып жатат. Биздин дыйкандарга, өндүрүшчүлөргө мамлекет акчаны берет, ансыз деле беребиз. Биз “бир ок менен бир нече коенду атканды” үйрөнүшүбүз керек.

“Элчи болуп кетип өз позициямды өзгөрткөн жокмун”

-Элчи болуп дайындалганыңызды коомчулукта кээ бири колдоп жатты, кээ бири оппозицияда жүрө бергени жакшы болмок деп жатышат. Сиз ушуга кандай жооп берет элеңиз? Эмне себептен элчи болуп кеттиңиз деген суроо. 

-Биз көп кеңештик, бул маселе бир күндүк, бир айлык эмес, эки жарым жылдык, ар кандай президенттердин убагында, ар кандай сунуш болуп, биз ойлонуп жүргөнбүз. Кеңешип чечтик. Биринчиден, мен элчи болуп кетип, өз көз карашымды, позициямды өзгөрткөн жокмун. Мен тигил же бул саясий режимге эмес, Кыргызстанга кызмат кылып жатам.  Ошондуктан бул жерде менде эч кандай дискомфорт жок,  

Бирок ар бир иштин өзүнүн тартиби болот экен, сенин милдетиң сени чектейт экен. Кээде өзүңдүн атыңан айтпай, ойлоруңду чектөөгө туура келет. Мисалы сенин оюң үчүн коңшу өлкөлөр менен, башка улуу державалар менен, өлкөлөр менен мамиле бузулуп кетиши мүмкүн.

Мамлекеттин планы болот, ачык планы, аны ишке ашырыш үчүн жабык планы. Балп этип сүйлөй берсең, ошол жабык план ачылып кетсе бузулат, ал чоң долбоор ишке ашпай калат. Ошондуктан кызмат кээде мамлекеттин кызыкчылыгынан улам чектөөлөрдү коет.

“Менде азыр эки катар начальник бар”

-Элчилик кызматтын кандай артыкчылыктары бар экен?

— Аны айта албайм. Иштейм деген кишиге бардык жерде иш табылат. Мен депутат болуп жүргөндө, эч начальнигим жок эле. Менде азыр эки катар начальник бар,  министрлик, анан Президент бар. Мен баскан-турганымды, сүйлөгөн сөздөрүмдү бул жакка жазып жөнөтүп турам. Анткени алар билип турушу керек, алардын пикири  кандай, бул жак кан тамырын кармап туруш керек. Ошол эле айырма, мурун мен өзүмө-өзүм кожоюн болсом, азыр кызматкер болуп калдым.

Сөз эркиндиги жана демократия   

-Германияда сөз эркиндиги, демократия кандай экен?

-Германия — дүйнөдө эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири. Экономикасы боюнча дүйнөдө 3-4-орунда турат. Илим менен техника өнүккөн, мектеп, жогорку окуу жайлар чет элдиктер үчүн деле бекер. Медицинасы өнүккөн. Өзүн-өзү башкаруу, демократия өнүккөн, парламенттик өлкө да. Анан бир нерсе- биз бардык өлкөлөрдүн тажрыйбасына кызыгып көрүп, өзүбүзгө пайдалуу жагын алышыбыз керек.

“Муну-ям” көрсүн деген диагноз эмес, рецепт”

-Кыргызстандын ички турмушу менен таанышып, билип жатасыз да. Парламенттеги окуялар жана башкалар боюнча, мурункудай пикириңизди билдире албайсыз да?

-“Оппозиция эле болуп жүрбөйсүзбү, эмнеге кетип калдыңыз” дегендер дагы бар. “Ушуну менен ишиңиз бүтөбү, ушу бойдон Текебаев жок болобу” деп айтышат.

Башталышы болгон бардык нерсенин аягы болот экен. Биздин профессионалдык ишмердүүлүгүбүз, элдин колдоосу, элдин сүйүүсү, биздин өмүрүбүз дагы бир күнү аяктайт. Бул сөзсүз боло турган нерсе. Ага биз филосоофиялык көз карашта болушубуз керек. Токтоолук, сабырдуулук менен мамиле кылыш керек. Аны татыктуу тосуп ала билиш керек.

Албетте, 63 жаш бул Европада гана эмес, Кыргызстанда деле картаң деп эсептелинбейт, өзгөчө саясатта. Бирок бул ишти мен партиялаштар менен кеңешип, ушул кезге чейин жыйнаган тажрыйбаны Кыргызстандын кызыкчылыгына пайдалансак болот деп чечтим.

Ал эми ички саясатта жаш муун өсүп келе жатат, алар жаңылышып, туура эмес айтып, туура эмес кылып жатышат, бирок ошентип жүрүп алар үйрөнүшөт. Мен алардын жанында болгондо аларды аңга түртүп, кайра чыгарып, тез эле үйрөтөт элем. Өзүмдүн сүйүктүү сөзүм бар, раматылык Чыныбайды (Турсунбеков-ред.) көп айтар элем, “эки-үч жолу аңга түшүрүп, анан алып чыкса, чыныгы саясатчы болосуң” деп.

Муну айтканым, азыркы депутаттар жаңылып атышат, жаңылышкандыгы үчүн элден тил угуп, тепкиге калып жатышат,  ошентип жаңы саясий маданият, жаңы саясатчылар пайда болот. Эмне жакшы, эмне жаман, эмнени айтса болот, эмнени айтпаса болот, алардын канына сиңет, ушунтип калыптанат.

Жаңылгандарын, тантыгандарын көрүп олтурам дагы, андай кылыш керек эле, мындай кылыш керек эле деп кейийм, экинчи четинен,  калыптанып жатат деп ойлойм.  Эл калыптанып жатат. Элдин талабы, саясий маданияты жогорулап жатат.

“Муну-ям көрсүн” деген — диагноз гана эмес, бул — рецепт. Ал — дарылануунун жолу. Ал үчүн элдер эмдөө алыш керек, пандемиядан алгандай. Коллективдүү иммунитет пайда болуш керек.  Анан саясатчылар элди элеңдеп карап, кой, мындай болбойт экен деп, “Эл эмне дейт” деген инстинктти саясатчыларда пайда кылыш керек.  

-Германияда Кыргызстан, анын экономикасы, турмушу тууралуу  эмнелерди билет экен?

-Чынын айтсам, көпчүлүк эл эч нерсе билбейт, атын укса дагы билбейт.  Кыргызстан менен иштеген мамлекеттик чиновниктер, Орто Азия менен иштеген, кызыккан бизнесмендер бар, биздин кыргыздар менен түздөн-түз  мамилелешкен, (он миңдей адам деп атам го, ошолор менен),  анан Кыргызстандан барган 100 миңдей немис бар, ошолор аркылуу Кыргызстанды билип-укпаса, Интернеттен, аяк-бияктан окуя болгондо гана көрүп коет, Кыргызстанды жакшы билишпейт.

Ошон үчүн биз диаспоралардын ишин активдештирели, аларды Германиянын ички саясатына керек болсо таасирин чоңойтолу, алар биздин лобби болсун, алардын санын чоңойтолу, алар жакшы иштерди иштесин, таасирдүү болсун, анан айлана-чөйрөсүнө Кыргызстан тууралуу маалымат таратсын дегенибиз да ошондон.

Мына, азыр Швеция,  НАТОго кирсекпи-кирбесекпи деп жатат. Ал кирейин десе, “түрктөр киргизбейбиз, ал үчүн бир-эки шартты аткаргыла” деп жатат. Ал шартты аткаралы десе, ал жерде 6 күрд депутат бар экен, алар швед өкмөтүнө айтып жатат, алар “түрктөрдүн этегине барып аткарсаңар, биз коалициядан чыгып кетебиз” деп жатышат, ал жерде бир эле добуш менен коалиция түзүлгөн экен, “өкмөтүңөр тарайт” деп алар айтып жатат. Саясий лобби деген ушул.

Менин айтканым, азыр биздин диаспорага кайсы жерде болбосун, Кыргызстан менен байланышы үзүлбөш керек, кыргыз экенин унутпаш керек  Ошол өлкөнүн жараны болсо дагы, Кыргызстанга зыян келе турган алардын саясатына тоскоолдугу, мүмкүнчүлүгү болуш керек.

“Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоого негиз жок”

-Кыргызстанда мурдагы убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө кылмыш иши козголуп жатат. Бул тууралуу эмне деп айтаар элеңиз?

-Кылмыш ишин козгогонго негиз да жок, мыйзам да жол бербейт  деп эсептейм.

-Чет өлкөдө айрымдар тил үйрөнөт экен, айрымдар башка иш менен алектенет, сиз немис тилин мурда окуган белеңиз?

-Советтик фильмдерден улам билем. Тил үйрөнүү планым бар, бирок баштай элекмин. Жакында тил үйрөнөм, жок дегенде нан сурап жей алгандай болуш керек.

-Элчиликте мурда тажрыйбалуу элчилер иштеп келген, ал жактагы элчиликтин турмушу кандай экен? Кызматкерлерди алмаштырдыңызбы? Кадрлар кандай экен?

-Биздин дипломаттар Кыргызстандын деңгээлин чагылдырат.  Жакшы-жаман деп айтканга болбойт. Биз кандай болсок, алар ошондой. Бизде көп эмес, он дипломат бар, 7-8и Берлинде иштейт, өз иштерин билишет, мага үйрөтүп жатышат, мен билбеген нерселеримди алардан сурайм, мындай кылсак болобу деп. Алар “жо-жок, мындай болбойт” дейт. Кээде алар жок деген нерсени мен жасап да жиберем. Анткени мен чекке көнгөн эмесмин, Кыргызстанга пайдасы тийсе болду деп, айтып да, жазып да жиберген учурларым бар. 

Алар көп жылдан бери иштеген профессионал кыздар, жигиттер, немис тилин, башка тилдерди жакшы билет.  Көбү айтат, Текебаев “немис тилин билбесе, кантип иштеп жүрөт” деп. Алар ар кайсы тармакта, алардын тармагына жараша, сүйлөшүүлөрүмдү да алар аркылуу жүргүзөм.

-Элчиликтен кийин мурдагы пландарыңызды улантканга, саясатка кайтып келесиз да?

-Аны убакыт көрсөтөт.

-Германияга үй-бүлөңүз менен бардыңыз да?

—  Ооба.

-Жакында таята болдуңуз. Кандай сезимдер болууда?

-Биринчи  сезим, убакыт тез өтөт экен деген. Убакытты, өзүңдүн үй-бүлөдөгү, коомдогу ордуңду сезесиң. Биз дагы аксакал болуп калыптырбыз. Аксакалдарга чектөөлөр бар, Ошол чектөөлөр бизге дагы салыныптыр, Балдарың үчүн кубанасың, сыймыктанасың.  Аларга конкреттүү ниеттерди коесуң.

-Кыргызстанда саясатчылар менен, адамдар менен жолуктуңуз да. Анда кандай сөз болду?

— Келгениме бир жума болду, бийлик өкүлдөрү, парламенттеги кээ бир фракция лидерлери, өкүлдөрү менен, андан башка убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолуктум.

Ушул жуманын аягына чейин жаш саясатчылар менен жолуксам деген оюм бар. Бул мен үчүн абдан маанилүү,  анткени билесиз го, кыргыздар кызматка барса эле, зыяны тиет деген адамдардан жаа бою качып, чалса дагы албайт, мен дагы ошол адамдардай болбошум керек деген оюм бар.

Бүгүн оппозицияда жүргөн, бийликтегилерге ыңгайсыз болгон адамдар менен мурунку адамдык мамилемди үзбөйм,  алар менен байланыш түзүп турам. Анткени жамандык-жакшылыкта ушулар менен жүргөнбүз, мындан кийин деле, калган өмүрүбүз деле булар менен бирге болот, кызматтык статус буга тоскоол болбош керек. Ошону баса белгилеш үчүн дагы өзүм демилге көтөрүп,  эски тааныштардын баарына болбосо дагы, колум жеткендерине жолугум кетем. 

Маектешкен Айгүл Бакеева, «ПолитКлиника», «Тет-а-Тет» берүүсү.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр