Өмүрбек Текебаев: Кийинки кезде Кыргызстандын Германия менен соода-сатык көлөмү азайып кеткен

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев кийинки кездери Кыргызстандын Германия менен соода-сатык көлөмү жана инвестиция көлөмү азайып кеткенин белгиледи. Бул тууралуу ал «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүндө айтты.

-Албетте, көп иш элчинин жеке сапатынан да көз каранды, бирок окурмандарга, көрөрмандарга айткым келет, тири укмуш элчи келип эле “сүф” деп өзү барган өлкөнүн жетекчилеринин, бизнесмендеринин көз караштарын өзгөртүп, баарын Кыргызстан тарапка буруп жиберет деген бул жомок. Өлкө, өзгөчө Германияга окшогон чоң өлкө, анын бизнесмендери, биринчи кезекте, өздөрүнүн кызыкчылыгына карашат.  

Кыргызстан — Орто Азиянын борборундагы кичинекей өлкө, кичинекей рынок, ошондуктан ушул кезге чейин алар бизге кызыкпай аткан. Борбордук Азияга кызыгышат, ошонун бир бөлүгү катары, анан демократиялык өнүгүү жолунда бара жатканыбыз үчүн кызыгып келген. Бирок соода-сатык көлөмү азайып кеткен. Акыркы кездерде 60-70 млн доллардын ар жак- бер жагы эле болуп калган. Ал эми экспортубуз азайып отуруп, 10 миллион долларга жетпей калган. Мына, убагында, 90-жылдары абдан чоң болгон. 2014-2015-жылдардан баштап түшүп кеткен.   

Убагында жылына 50, 40, 30 миллион долларга чейин инвестиция түшкөн болсо, акыркы 2013, 2014-жылдардан баштап, орточо 7-8 миллион доллар болуп, бул да түшүп кеткен, -деп айтты Өмүрбек Текебаев «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүндө.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты