Эмил Токтошев: Казино ачуу мыйзамы бүдөмүк ойлорду жаратат (Видео)

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев эмне себептен казино тууралуу мыйзам долбооруна каршы туруу боюнча фракциянын чечимин колдогонун «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүндө билдирди.  

-Казино тууралуу мыйзам июндун аягында кабыл алынды, Президент ага кол койду. Бул мыйзам долбоорун май айында биз фракцияда талкуулап, «колдобойбуз» деп чечим чыгарганбыз. Биз өзүбүздүн позицияда аягына чейин турдук.

Эмне үчүн мен фракциянын чечимин колдодум? Себеби эки ай мурда мага эки жаран кайрылды, букмекер конторасына бирөө 4 млн сомун уттуруптур,  дагы бирөө 3,5 млн сом уттуруптур.   

Туугандары суицид кыларда “кармап калдык” деп айтты.  Алар букмекер конторасына онлайн кирип, акча сала берип, уттуруптур.  Экөө тең ошондой. Ал интернетте экен, текшерип, таба албай койдук.

Азыркы мыйзамда онлайн-казиного да уруксат болгон.  Мен да ошол мисалдарды угуп-көрүп туруп, кантип колдойм?

Президент дагы, Акылбек Үсөнбекович да “биз толук көзөмөлгө алабыз, биздин жарандар катышпайт” деп айтты. Ошол эле кезде Акылбек Үсөнбекович биздин жарандар азыр да казино ойноп жатпайбы деди. Демек, укук коргоочулардын алы жетпейт экен. Алардын алы жетпесе, анда ким кепилдик берет?  Кыргызстандын жарандары кирбей, четтен гана гана ойнойт дегени бүдөмүк ойлорду жаратып келет. Ошондуктан ал мыйзам долбоорун мен колдогон жокмун, -деди депутат Эмил Токтошев “ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-Тет” берүүсүндө.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” жана “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарына кол койгону белгилүү. 

22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талаш менен кабыл алган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты