Тыюу салынган диний жана экстремисттик уюмдардын мүчөлүгүнөн 30дай адам баш тартты
- 10 месяцев мурун
- Видео
Бишкек шаарында экстремисттик жана террористтик идеологияны тараткан адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган бир катар алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрдү. Алдын алуу иш-чаралары тыюу салынган уюмдардын мүчөлөрүнө, эл аралык террористтик жана диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар мурда соттолгон жарандарга, анын ичинде Сириянын согуштук аймактарынан кайра өз мекенине кайтып келгендерге карата жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Бир катар ыкчам-түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында радикалдык идеялардын айрым жактоочулары буга чейинки жандап жүргөн уюмдардын коомго жана мамлекетке зыяндуу жана кыйратуучу таасири бар экендигин моюнга алышып, өздөрүнүн туура эмес көз караштарынан баш тартышты.
Маалыматта айтылгандай, түшүндүрүү-алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгында «Хизбут Тахрир», «Йакын-Инкар» жана башка диний агымдардын мүчөлүгүнөн, экстремисттик уюмдардын жана агымдардын идеологиясынан 30дан ашык адам расмий түрдө баш тартты.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




