“Турмуш сен — жандырмаксыз табышмаксың”. Акын, журналист Жыпар Акунова көз жумду  

Акын жана журналист Жыпар Акунова “Жаңы жыл акжолтой, берекелүү жыл болсун! Ар бир үйгө бак-таалай, ырыс-кешик алып келсин!” деп социалдык тармакка жаңырган жылга каалоо-тилегин жазган болчу. Андан көп узабай эле, 9-январда, Жыпар Акунова 64 жашында, оорунун айынан көз жумду.

Жыпар Акунова 1958-жылы 17-июнда Нарын облусунун Тянь-Шань районунун 8-март айылында туулган. 1974-жылы «8-март» орто мектебин бүтүргөн. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнө өтүп, аны 1981-жылы аяктаган.

“Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы, “Мектеп” басмасында редактор, Ош облустук “Ленин жолу” гезитинде кабарчы болуп эмгектенген. 1997-жылдан бери “Кыргыз туусу” гезитинин Ош облусу боюнча кабарчысы, 2017-жылдан түштүк аймагы боюнча башкы редактордун орун басары болуп эмгектенип келди.

2002-2005-жылдары Ош облусунун губернаторунун басма сөз катчысы, 2006-2009-жылдары Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы болуп иштеген. Журналисттер союзунун түштүк аймагы боюнча өкүлү болгон.

Жыпар Акунованын “Шок жылдыз”, “Дил чырак”, “Каректе калган жаз”, “Жүрөгүңө барчу жолду издепмин”, “Түштүккө түшкөн келин”, “Мөлтүрөк”  аттуу ырлар жана прозалык чыгармалар жыйнактары жарык көргөн.

Жазуучулар союзунун жана Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. Кыргызстан, Өзбекстан жаш акындарынын фестивалынын лауреаты. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен, 2016-жылы маданият министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. Улуттук Жазуучулар союзунун “Алтын калем” дипломунун ээси.

Үй-бүлөлүү, жолдошу — Акун Ташмаматов. Рамаз, Ринат аттуу уулдары, Айпери аттуу кызы, неберелери калды.

Жыпар Акунованын ырын сунуштайбыз.

“Турмуш сен - жандырмаксыз табышмаксың”. Акын, журналист Жыпар Акунова көз жумду  

Турмуш сен — жандырмаксыз табышмаксың

Эртеңдериң дарексиз да, дайынсыз,

Турмуш сен-жандырмаксыз табышмаксың.

Колума тамчы болуп тамса бакыт,

Бүркүттөй шукшурулуп илип качтың

***

Жомоктой кереметтүү жан-дүйнөмдүн,

Тынымын өчүң бардай бузасың да.

Талпынып, таруу сымал бакыт тапсам,

Таранчы болуп илип качасың да.

***

Төгүлгөн бариктери дарак сымал,.

Күбүлүп, күйүп турса өрттөйсүң да.

Жаркырап жазгы күндөй тийип турсам,

Жалындап, нуруң төгүп өчпөйсүң да…

***

Дарбазаң ачык, жабык ким бирөөгө,

Тагдырым, таалайымды таптырбассың.

Көз жумуп кетип калсам ээрчий баскан,

Турмуш сен-жандырмаксыз табышмаксың.

Акын жана журналист Жыпар Акунова менен коштошуу зыйнаты эртең, 10-январда, Ош шаарында, Ак-Тилек, 20-көчө, №5 үйдө өтөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты