Тургундар «При Эц Хаим» мектеби мамлекеттик бала бакча имаратын мыйзамсыз пайдаланып жатканын айтууда

Бишкек шаарынын №4 кичи районунун тургундары Хаим Хохштейн атындагы «При Эц Хаим» мектеби мамлекеттик бала бакчанын имаратын мыйзамсыз пайдаланып жатканын айтып, имаратты бала бакчага кайтарып берүүнү талап кылышууда. 

 «Наше право» коомдук фондунун мүчөсү Светлана Антропованын айтымында, №4 кичирайондун тургундары «При Эц Хаим» мектеби кичирайонго тиешелүү бала бакчанын имаратына ээлик кылып алышканын айтып, фондго кайрылышкан.

“4-кичирайондо жайгашкан бул Хаим Хохштейн атындагы «При Эц Хаим» еврей мектеби эмненин негизинде бала бакчанын имаратына ээлик кылып жүрүшөт? Учурда кичирайондун аймагында эки гана бала бакча бар. Анын бири — сүйлөө кемтиги бар балдар үчүн адистешкен. Көптөгөн тургундар жашаган аймакта бир бала бакча жетишсиз” деп билдирди  Светлана Антропова.

Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары «При Эц Хаим»  мектеби муниципалдык имаратты пайдаланып келерин, бирок имарат үчүн  аталган мектеп эч кандай ижара акы төлөбөсүн билдиришти. Тескерисинче  Бишкек шаардык мэриясы бул жеке-менчик мектептин 500 миң сомго жакын коммуналдык чыгымын төлөп келет.

Эркайым Эрикова

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты