Турак үйдөн чыккан өрт унаа оңдоочу жайды жана тигүү цехин каптады
- 2 года мурун
Бүгүн, 13-сентябрда, Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Көк-Жар конушунун Куйручук көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Саат 18:18де толук өрт өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен турак үйдүн короосунда жайгашкан чакан унаа оңдоочу жай жана тигүүчү цехтин 500 чарчы метр аянты күйгөн.
Учурда өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү