Транспорт каражаттарынын айрым категорияларын онлайн каттоо жарлыгына кол коюлду
- 1 месяц мурун
2026-жылдын 1-апрелинен тартып 31-декабрына чейин кошуп алганда транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын аралык (онлайн) форматында мамлекеттик каттоону убактылуу укуктук жөнгө салуу киргизүү боюнча жарлыкка кол коюлду.
Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды. Бул айдоочулук курамды эсепке алуу жана каттоо системасын тартипке келтирүү, транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү жана транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча чараларды апробациялоо максатында ишке ашырылып жаткандыгы белгиленди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




