Бишкекте көчөнүн жаңы аталышын жана үйдүн номерин эми онлайн биле аласыз
- 1 час мурун
- Баяндар, Жаңылыктар
Борбор шаардагы көчөлөрдүн аталыштарынын өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы шаар тургундарына кыймылсыз мүлк объектилеринин жаңыланган даректерин онлайн текшерүүгө мүмкүндүк берген атайын функцияны иштеп чыкты.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Кыймылсыз мүлк объектилерине жаңы даректик номерлер Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек, Сокулук жана Аламүдүн филиалдары тарабынан ыйгарылган. Аталган филиалдар берген маалыматтардын негизинде Санариптик технологиялар борбору e-meria.kg порталында өзгөртүлгөн даректерди текшерүү үчүн атайын бөлүмдү ишке киргизди.
Жаңы даректи кантип билсе болот?
Ал үчүн e-meria.kg порталына кирип, «Даректи текшерүү» бөлүмүн ачуу керек. Андан соң издөө сабына көчөнүн мурдагы аталышын жана үйдүн номерин киргизүү жетиштүү. Система жаңыланган даректи көрсөтөт.
Жаңы функция шаар тургундарына көчөлөрдүн өзгөртүлгөн аталыштары жана ыйгарылган даректик номерлер тууралуу маалыматты мамлекеттик органдарга кайрылбастан же өз алдынча издеп убара болбостон, тез жана ыңгайлуу алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Эскерте кетсек, борбор калаадагы көчөлөрдүн аталыштары Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы «Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүү жөнүндө» № 89 токтомунун негизинде өзгөртүлгөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




