Транспорт каражаттарын каттоо агенттигинин экс-башчысы Жокоев үй камагына чыгарылды
- 1 год мурун
Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин (мурдагы “Унаа” ) мурдагы башчысы Рустам Жокоев үй камагына чыгарылды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Рустам Жокоевди үй камагына алуу бөгөт чарасы 9-июлга чейин күчүндө болот. Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карап жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 24-сентябрында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы «Унаа») директору Рустам Жокоев жана бир катар кызматкерди кармалганы кабарланган.
Атайын кызматтын маалыматында, айдоочулук күбөлүк алуудагы экзамендерден жеңил өткөрүү үчүн тийиштүү кызматкерлер ортомчулар аркылуу пара алган. УКМКнын алдын ала эсебинде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бир эле филиалынан ай сайын 10 миллион сомдун тегерегинде мыйзамсыз акча жыйналган.
«Кабар» агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктөрдү сатууга шектелип кармалган кызматкерлер боюнча пикирин билдирди.
“Система түзүп алышып, күбөлүк сата башташканы аныкталып калды. 40 миңден 80 миң сомго чейин баа коюп алышыптыр. Албетте, 100 пайыз күбөлүк сатылган эмес. 90 пайыз адам сынакты тапшырып эле алышкан. Болжол менен 10 пайызы сатылып кетип жатканын болжолдодук. 10 пайыз эмес, бир да айдоочулук күбөлүк сатылбаш керек” деп айтты мамлекет башчы “Кабарга” берген маегинде.
Президент Рустам Жокоевге президенттин демөөрчүлүк фондунанай сайын 2000 доллар жардам берип турганын билдирди.
Рустам Жокоев транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдеттерин аткаруудан бошотулган.
Сүрөттө: Рустам Жокоев. Интернет булактарынан




