Транспорт департаментинин Ысык-Көл башкармалыгынын жетекчиси жана эки кызматкери кармалды

  • 10 месяцев мурун

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын жетекчиси С.К.М., башкы инспектору Э.А.Э. жана инспектор Ж.Э.С. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгын туруктуу коррупциялык схема аныкталып, токтотулду.

Иликтөөнүн жүрүшүндө айдоочулар бекер берилиши керек болгон «маршруттук карталарды» алуу үчүн Каракол шаардык  департаментинин кызматкерлерине ар кандай суммада акча төлөшкөн, өз кезегинде  бул боюнча далилдер табылган.

Пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү  жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы С.К.М., башкы инспектору Э.А.Э. жана инспектор Ж.Э.С. кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен тергөөнүн жүрүшүндө Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди. 

Тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты