Transparency International: Казакстандагы “чет элдик агенттер тизмеси” Орусиянын тажрыйбасын кайталап жатат

  • 10 месяцев мурун

Transparency International бейөкмөт уюму Казакстанда чет элден каржы алгандардын тизмесинин жарыяланышына өтө тынчсыздануусун билдирди.

«Бул кадам Казакстандагы жарандык коом жана көз карандысыз маалымат каражаттары үчүн ансыз да тарып бараткан мейкиндикке терс таасирин тийгизиши мүмкүн» деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Transparency International бул чектөө Орусиянын “чет элдик агенттер” жөнүндөгү тажрыйбасын жана мыйзамдарын кайталай турганын белгилейт. Москва «чет элдик агенттердин» тизмесин чыгарып, аны тынымсыз толуктап жана кеңейтип келет. Уюм белгилегендей, орус бийлиги бир нече жылдар бою бул мыйзамды жарандык коомду, укук коргоо уюмдарын, көз карандысыз маалымат каражаттарын жана башкаларды каралоо, ооздуктоо жана жабуу үчүн колдонуп келген.

Казакстан бийлиги «чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан, чет өлкөлүк мекемелерден, чет элдиктерден жана жарандыгы жок адамдардан каражат жана мүлк алып тургандардын реестрин» 20-сентябрда жарыялаган.

Ондогон компаниялардын арасында укук коргоо уюмдары жана маалымат каражаттары дагы бар. Тизмеден ошондой эле бир нече казакстандык журналисттерди жана блогерлерди көрүүгө болот. Алардын айрымдары жеке ишкер катары көрсөтүлгөн. Тизмеде ошондой эле жеке маалымат катары саналган алардын идентификациялык номерлери (ИНН) белгиленген.

Ошондой эле Норвегиядагы Хельсинки Комитетинин Казакстандагы өкүлчүлүгү, эл аралык Internews уюмунун өкүлчүлүгү, маалымат каражаттарын коргоо менен алектенген «Адил сөз» уюму да киргизилген.

Казакстандын Каржы министрлигинин сайтына чыккан электрондук таблицада 240 киши жана уюм бар.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты