Трампты атууга шектүүнүн аты аталды
- 10 месяцев мурун
- Видео
АКШнын мурдагы президенти Тональд Трампты атууга шектүү кишинин аты аталды. Ал — 20 жаштагы Томас Мэттью Крукс. Бул тууралуу The Washington Post ФБРге шилтеме берип билдирди.
Маалыматта 13-июлда Пенсильвания штатындагы Батлер шаарында Трамптын шайлоо алдындагы митинги өтүп жаткан жерде Крукс ок чыгарылгандыгы айтылат. Крукс окту митингдин өтүп жаткан жерден болжол менен 100 метр алыстагы үйдүн чатырынан, AR-15 жарым автоматтык мылтыгынан чыгарган.
Ок митингдин эки катышуучусун мерт кетирген. Ок Дональд Трамптын кулагынын өйдө жагына тийген.
Трамптын кампаниясы анын ден соолугу жайында экенин билдирүүдө.
АКШнын экс-президентин атууга шектүү жашыруун кызматы тарабынан атылган. ФБРдин маалыматы боюнча, шектүү мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын атуусунун себеби иликтенип жаткандыгы белгиленди.
Сүрөт: EPA