Трамп ЖМКны каржылаган агенттиктин штатын кыскартуу жарлыгын чыгарды

  • 1 месяц мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп 14-мартта федералдык жети агенттиктин кызматкерлеринин санын кыскартуу жарлыгын чыгарды. Анын ичинде АКШнын Глобалдык медиа агенттиги да бар (USAGM), ал “Азаттык” жана “Америка үнү” медиа корпорацияларын каржылайт.

Жарлыкта агенттиктин бир катар милдеттерин жоюу, кызматкерлердин санын минималдык санда кыскартуу тууралуу айтылган. 21-мартка чейин жети агенттиктин жетекчилери жарлыкты аткаруу боюнча отчет беришмекчи.

 The New York Times гезити АКШнын Глобалдык медиа агенттиги көз карандысыз агенттик экенин белгиледи.

“Америка үнү» өз кызматкерлерин административдик өргүүгө жибергенин журналист Дэвид Энрич билдирген.

АКШнын Глобалдык медиа агенттигинин бюджети  270 млн доллар  экени, 49 тилде, аудиториясы- жумасына 361 миллион адам.

Буга чейин миллиардер Илон Маск “Азаттык” жана “Америка үнү”  басылмаларын жабуу керектигин билдирген. Бул тууралуу Илон Маск АКШ президентинин атайын өкүлү Ричард Греннелдин соцтармактагы постуна жооп иретинде жазган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу — АКШнын Глобалдык медиа агенттиги аркылуу Конгресстин гранты менен каржыланган көз карандысыз медиа корпорация. Дүйнөнүн 23 өлкөсүндө (Украина, Иран, Ооганстан, Пакистан, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү), биринчи кезекте медиа эркиндиги чектелген жерлерде радио, Интернет, телевидение жана мобилдик байланыш аркылуу 27 тилде маалымат таратат.

“Эркин Европа”/Азаттык” үналгысынын кыргызча берүүлөрү обого чыга баштаганына 70 жылдан ашык мезгил өттү. Бул убакытта “Азаттык” маалымат майданында далай жолду, ашууларды, кырларды басып келгени кыргыз угармандарынын көз кырында болуп келатат.

Кыргыз жыттанып, кыргыз окурмандарынын терең катмарына сиңип кеткендиктен, Кыргызстанда бүгүн “Азаттык” жергиликтүү ЖМК катары кабылданып калды деп айтсак болот. Анткени “Азаттык” элдин үнүн, көйгөйүн, кубанычы менен кайгысын чагылдырып, аткаминерлердин агын ак, карасын кара деп, жашырбай-жаппай чагылдырып келе жатат.

Сүрөттө: Дональд Трамп. AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты