Тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлөт
- 3 недели мурун
Өзгөчө кырдаалда министрлигинин (ӨКМ) Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 20-июндан 22-июнга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМдин алдын ала билдирүүлөрүнө жоопкерчилик менен мамиле жасап, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын өмүрүн сактаңыз деп кайрылды. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз, токтоосуз 112 бирдиктүү кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү