Тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлөт
- 12 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-июлдан 31-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга тоолордо, дарыя жээктеринде эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болууну эскертет. Арык, сел каналдарын тазалап, суунун агып чыгышына жол ачуу сунушталат.
Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз, токтоосуз “112” кызматына кайрылууну ӨКМ өтүнөт. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
Архивдик сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




