Тоолуу райондордо кар көчкү жана кар күрткү күтүлөт
- 1 месяц мурун
5-ноябрдан 7-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында, Чоң-Ашууда, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 5-ноябрда кабарлады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет. Ошондой эле унааңыздын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырыңыз, алыс жолго чыксаңыз, дары-дармек, суу, тамак-аш, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын унутпаңыз, * унаалардын ортосундагы аралыкты (500 метрге чейин) сактаңыз, арыл, алыс жолго чыкпай туруңуз;
Кокус кырсык болсо, күнү-түнү иштөөчү “112” номерине чалыңыз, чалуу акысыз.




