Тоолуу Карабактан Арменияга 19 миңдей киши жер которду

  • 7 месяцев мурун

Акыркы маалыматтар боюнча, Тоолуу Карабак аймагынан Арменияга 19 миң тургун көчүп келди.

Алардын эки жарым миңден ашыгы турак-жай менен камсыз болду. Бул тууралуу Армения өкмөтү билдирди.

26-сентябрь күнү эртең менен облустун 13 миң 500 тургуну чыгып кеткени кабарланган.

Карабактан чыккандардын көбү Армениянын Азербайжан менен чектеш Сюник аймагындагы Горис шаарына токтошууда. Ал жерде качкындарды кабыл алуу борбору ачылды.

Дүйшөмбү күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабактагы армяндардын коопсуздугу сакталарын билдирген. Анын алдында жикчил топтун лидерлери Карабактагы армяндар коопсуздугунан чоочулап жер которуп кетип жатканын айтышкан.

19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген. Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, Тоолуу Карабакта 120 миңдей армян жашайт.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты