Тоолуу Карабактагы жарылууда 68 киши каза болду

  • 7 месяцев мурун

Тоолуу Карабакта күйүүчү май сактоочу жайдагы жарылуудан бери дегенде эле 68 киши каза болду. Буга чейин жарылуунун курмандыктары 125 адамга жеткени кабарланган.

ТАСС агенттиги каза болгондордун саны боюнча такталган маалыматты жикчил Тоолуу Карабак республикасынын акыйкатчысы Гегам Степанян таратканын жазды. Анын айтымында, учурда дагы 105 киши дайынсыз болууда. Жаракат алган 67 адам Еревандагы Улуттук күйүк борборуна жеткирилди. Алардын көбүнүн абалы оор жана өтө оор деп бааланууда.

Армениянын cаламаттык сактоо министрлиги Карабактан 125 кишинин сөөгү чыгарылганы тууралуу билдирүүнүн бул жарылууга байланышы жок экенин маалымдады.

«Министр анда Тоолуу Карабактан Арменияга жеткирилген жалпы сөөктөрдүн санын айткан» деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

26-сентябрь күнү кечинде Степанакерт (азери тилинде Ханкенди) шаарына жакын жердеги май куюучу жайда катуу жарылуу болгон. Ошол маалда ал жерде Арменияга кетүүнү каалаган качкындарга бензин таркатылып жатканы кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, анда май куюлган жүк ташуучу унаа жарылган. Азырынча ага эмне себеп болгону белгисиз.

19-сентябрда Азербайжан бийлиги «конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү» деген максатта Тоолуу Карабакта «антитеррордук операция» жарыялаган.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак бийлиги 20-сентябрда түштө ок атууну токтотконун жана азербайжан тараптын бардык талаптарын аткарууга макул экенин билдирген.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты