Тоолуу Карабактагы армяндардын алгачкы тобу Арменияга келди

  • 7 месяцев мурун

Тоолуу Карабактан кетүүнү каалаган армяндардын биринчи тобу Арменияга жекшемби күнү келди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун азери кызматы билдирди.

Алар Армениянын түштүгүндөгү Сюник аймагындагы Корнидзор айлында жайгашты. Ал жерде гуманитардык жардам көрсөтүү пункту түзүлдү.

Бул арада тез жардам унаалары адистердин жана Кызыл чырымдын коштоосунда Тоолуу Карабактан оор жарадар болгон 23 адамды Арменияга жеткиришкени кабарланууда.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жекшембиде Азербайжан бийлиги Тоолуу Карабактагы армяндарга коопсуздук кепилдигин берсе, өлкө аларды кабыл алууга даяр экенин айткан.

Тоолуу Карабакты 120 миңдей этностук армян байырлайт деп кабарланып келет.

Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги Азербайжандын аскерий аракеттеринен улам үй-жайсыз калган жана Тоолуу Карабактан чыгууну каалаган үй-бүлөлөр орусиялык аскер кызматкерлеринин коштоосунда Арменияга жеткириле турганын жарыялаган.

Расмий Баку Карабактагы жайкын тургундарды коргоого алып, реинтеграциялоону көздөрүн, курал-жарагын таштаган карабактык армян күчтөрүнө ырайым берилерин айтып жатат.

24-сентябрда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабакта «этностук куугунтук» коркунучу уланып жатканын, аймактагы армяндардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик Азербайжан менен Орусиянын күчтөрүнүн мойнунда экенин эскертти.

Сүрөт: Корнидзор борборунда. RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты