Тоолуу Карабактагы «антитеррордук операцияга» байланыштуу Ереванда нааразылык акциясы өттү

  • 7 месяцев мурун

Азербайжандын армиясы жикчил Тоолуу Карабакта «антитеррордук операция» баштаганына байланыштуу Армениянын баш калаасы Ереванда 19-сентябрда нааразылык акциясы өттү.

Армениянын өкмөт үйүнүн алдына чогулган жүздөгөн адам жикчил аймактагы окуя үчүн премьер-министр Никол Пашинянды күнөөлөп, андан батыл чараларды көрүүнү талап кылды.

«Азаттыктын» армян кызматынын кабарчысы айрым демонстранттар полиция кызматкерлерине таштарды ыргытып, ортодо кагылышуу болгонун билдирди.

Дагы бир топ Орусиянын Еревандагы элчилигин алдына чогулду. Алар Тоолуу Карабактагы Орусиянын бейпилдик күчтөрүнөн жайкын тургундарды агрессиядан коргоону талап кылышты.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Коргоо комитетинин башчысы Тоолуу Карабактагы бейпилдик күчтөрү алардын өзүлөрүнө коркунуч жаралмайынча курал колдонууга укугу жок экенин билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги бейпилдик күчтөрү кооптуу аймактардан жайкын тургундарды эвакуациялоо иштерине көмөктөшүп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, орус күчтөрүнүн жардамы менен аймактан 500 киши, анын ичинде 200 бала эвакуацияланды.

19-сентябрда Азербайжан армиясы «конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү» максатында Карабакта «антитеррордук операция» жарыялап, армян жана жикчил карабак армиясынын турумдары бутага алынганын билдирген. Ереван Тоолуу Карабакта аскерлери бар экенин четке кагууда.

Мурдараак Баку Азербайжанда эки автоунаа минага жарылып, алты киши, анын ичинде полициянын төрт кызматкери каза болгонун билдирген. Азербайжан муну «армян диверсанттык тобунан» көргөн.

«Азаттыктын» армян кызматы Азербайжандын «операциясында» беш киши набыт болуп, 80 адам жараат алганын жазды. Азербайжан Шуша шаарында жергиликтүү тургун өлгөнүн билдирди.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Тараптардын талашы 1980-жылдардын аягында башталган. Негизинен этникалык армяндар жашаган Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРнин курамынан чыкканын жарыялап, 1991-жылдын сентябрында өзүн-өзү «Тоолуу Карабак Жумурияты» деп жарыялаган. Ортодо тутанган согуш 1988-1994-жылдары 30 миңдей адамдын өмүрүн кыйган.

2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, алты апталык урушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районун кайтарып алган. Бул окуядан кийин аймакка Орусиянын бейпилдик орнотуу күчтөрү жайгаштырылган.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян орус күчтөрү аймактагы өз милдеттерин аткарбаганын, Лачин коридорундагы көзөмөлдү камсыз кыла албаганын билдирген.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты