Тоолуу Бадахшанда диверсияга даярдык көргөн деген шек менен ондогон тургун кармалды

  • 2 месяца мурун

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) диверсияга даярдык көргөн деген шек менен Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Язгулям өрөөнүнүн бери дегенде эле 50 тургунун кармады. Бул тууралуу Pamir Inside жана Azda TV басылмалары өз булактарына таянып кабарлашты.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, аймактагы Жамак жана Андарбак айылдарынын жашоочулары 16-майда эле кармала баштаган. Андан бери аталган калктуу конуштарда кеминде 35 киши кармалганы кабарланды.

«Эң аз дегенде эле Жамак айылынын 20, Андарбак айылынын 15 тургунун кармап, Душанбеге алып кетишти. Андан бери алар жөнүндө эч кандай маалымат жок. Жалпысынан жалпы өрөөн боюнча 50гө жакын киши кармалды», – деп билдирген Pamir Inside басылмасынын маектеши.

Azda TV УКМК кызматкерлери кармалгандардан курал-жарак издеп, аларды аймакта диверсия жасоого даярдык көргөн деп айыптаганын жазды.

«Язгулямдыктардын эң таасирдүү лидерлеринин бири эсептелген Лайлиев Дилбаршону Орусиядан келери менен кармап, уулу жана башка кармалгандар менен чогуу Душанбеге алып кетишти», – деп билдирди басылманын маектеши.

ЖМКлардын булактары белгилегендей, Тоолуу Бадахшандагы кармоолордун максаты – аймактын «таасирдүү лидерлерин сындыруу» болгон.

Тажикстандын УКМКсы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун батыш бөлүгүндөгү бул кармоолор боюнча расмий комментарий берген жок.

«Медиазона Азия» басылмасы бул кармоолор аймактагы наарызылык акциялардын эки жылдыгынын фонунда болгонун белгилөөдө. Pamir Inside Тажикстандын атайын кызматы Язгулом өрөөнүндө мындай рейддерди тез-тез жүргүзүп турарын, анын жыйынтыгында калк арасында жаштар дээрлик жок калганын жазды.

16-майда эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Тоолуу Бадахшандагы бери дегенде эле 34 кишинин өмүрүн алган жана ондогон жергиликтүү тургун камакка алынган 2022-жылдагы кандуу окуя үчүн эч ким жоопко тартыла электигине тынчсыздануусун билдирген.

Уюмдун Борбор Азия боюнча эксперти Сыйнат Султаналиева 2022-жылы май айында болгон окуялардан кийин Тоолуу Бадахшанда жүздөгөн коомдук уюмдар жоюлуп, кармалган белгилүү жарандык активисттер бүгүнкү күнгө чейин камакта отурганын белгилеген.

2022-жылдын май-июнь айларында Тоолуу Бадахшанда нааразылык акциясына чыккандарга бийлик күч колдонуп баскан. Акцияга 16-майда акыйкаттык издегенин айткан жаштардын тобу Бархоруг кичи районунан Хорог шаарын көздөй жүрүш баштаганы себеп болгон.

Алар 2021-жылдын ноябрында Хорогдо өткөн митинг учурунда өлтүрүлгөн үч киши боюнча тергөөнүн калыс жүрүшүн, Хорогдун мэринин жана облус башчысынын иштен кетүүсүн талап кылышкан. Бийлик аларга каршы желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, бир демонстрант каза болгон.

17-май күнү нааразылык толкуну Хорогдон Рушан районуна жеткен. Эртеси бийлик «террорчулукка каршы операциясын» баштап, күч кызматкерлерине кол салуу болгонун, митингчилер Тажикстан менен Кытайды байланыштыруучу жолдун эл аралык тилкесин бууганын билдирген.

Расмий маалыматка караганда, операция башталган күндөн тартып 17-июнга чейин Рушан менен Хорогдо 16 адам каза болгон. Бирок БУУнун дипломаттарынын баяндамасында 40ка жакын адам өлгөнү айтылган. Бүгүнкү күндө «Озоди» радиосунун аракети менен каза болгон 34 адамдын аты-жөнү такталды. Алар 30 жаштан 57 жашка чейинки курактагылар, негизинен Рушан районунун тургундары.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул операциянын жыйынтыгында 220 киши кармалып, алардын 53үнө кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин жабык өткөн сот отурумдарында Тоолуу Бадахшандын ондогон тургуну узак мөөнөттөргө соттолгон. Алардын ичинде үч киши өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты