«Тоолор мени чыдамкайлыкка, сабырдуулукка үйрөтөт». Илим Карыпбеков Эверест чокусуна чыкты  

Илим Карыпбековдун Эверест чокусуна чыккандыгын ышкыбоз-альпинист Эдуард Кубатов Фейсбук баракчасында билдирди. Илим Карыпбеков өзү да Фейсбук баракчасында муну тастыктады.

“Тоолор мага берген көптөгөн пайдалуу нерселердин арасында чыдамдуулук жана сабырдуулук турат. Тоолор мага бул сапаттарды эскертип жана бул сапаттарга үндөп турат” деп жазды ал.   

“Непалдыктардын, шерптердин негизги коду — чыдамкайлык жана сабырдуулук. Жай турмушта шерп жана непалдык эмоциясыз, чыдамдуу, сабырдуу. Алар 8000 метрден ашкан, өлүм коркунучу турган жерде да, Катмандунун көчөлөрүндө да, өздөрүн бирдей, кадимкидей эле алып жүрөт. Алар эмоцияга алдырбайт. Мен Непалда үчүнчү жолу жана көп убакыт болушум, бирок бир да урушуп жаткан неалдыкты же шерпти көргөн жокмун. Бирөөлөргө катуу үн чыгаргандарын да көргөн жокмун. Катмандунун көчөлөрүндө бир да асма чырак жок, 250 дөй мотоциклчен бири-бири менен мына-мына коюшуп кетчүдөй болот. Бирок башаламан кыймылда, миллиондогон кишинин кыймылында бир дагы жол кырсыгын көргөнүм жок” деп жазды Карыпбеков.   

Илим Карыпбековдун Эверест чокусуна чыккан биринчи аракети аткарылбай калып, андан 9 күндөн кийин чокуну багындырганы маалым болду.

Сүрөт: Эдуард Кубатовдун Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты