Асел Байбагышевага 500 миң сомдук сертификат тапшырылды
- 3 недели мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандан дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырган биринчи альпинист айым Асел Байбагышеваны кабыл алды. Өкмөт башчы Асел Байбагышеванын өзгөчө жетишкендигин терең баалап, колдоо көрсөтүп, ага 500 миң сомдук сертификат тапшырды.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
Асел Байбагышева дүйнөнүн чокусуна орноткон Кыргызстандын мамлекеттик желегин Адылбек Касымалиевге тапшырды. Мындан тышкары альпинист МинКаб төрагасына Эверест тоосунун чокусунан алып келген ташты тартуулады.
Байбагышева бийиктиктен алган таасирлери менен бөлүшүп, башынан өткөргөн кыйынчылыктарга токтолду. Ийгиликтүү көтөрүлгөндөн кийин дароо биринчи болуп МинКаб төрагасы телефон аркылуу байланышка чыкканын чын дилден кубанганын белгилеп, дал ушундай тагдырлуу учурларда мамлекеттин колдоосу спортчуларга ишеним жана жаңы ийгиликтерге шыктандыраарын белгиледи.
Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеваны тарыхый ийгилиги менен дагы бир жолу кызуу куттуктап, анын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн жаркын үлгү жана Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого зор салым кошконун баса белгиледи.
Алар альпинизмди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана өлкөдөгү тоо туризмин колдоону талкуулашты.

Сүрөттөр: gov.kg