Тоо-кен ишканаларынан кийинки 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык салык жана жыйым түшкөн
- 2 месяца мурун
Тоо- кен ишканаларынан акыркы беш жылда мамлекеттик бюджетке 217,9 миллиард сомдон ашык салык жана жыйымдар түшкөн.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тоо-кен ишканаларынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо учурунда белгиледи.
Куттуктоодо айтылгандай, Кыргыз геология кызматы 88 жылдан бери мазмундуу жана ийгиликтүү жолду басып өттү. 1938-жылы анын курамында 43 кызматкер болсо, азыркы мезгилде геология адистерин өзүбүздүн университет даярдап жатат.
«Кыргыз геология кызматынын биринчи кадамы атом өнөр жайынын чийки зат базасын түзүү болуп, улуу державалар ортосундагы тирешүүдө аздыр-көптүр роль ойногонун сыймыктануу менен эскере алабыз» деди Адылбек Касымалиев.
Жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналары белгилени.
«Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда тармакты санариптештирүү, жаңы запастарды чалгындоо, жер казынасын рационалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максаттары турат. Кумтөр баштаган кен байлыктарыбызды башкарууну өз колубузга алып, алардан түшкөн кирешелер кыйла көбөйүп, геологиялык изилдөөлөргө орчундуу каражаттар сарптала баштагандыктан бул максаттарды ишке ашыруу реалдуу» деди МинКаб төрагасы.
-Сиздерге чың ден соолук жана бакубат жашоо каалайм. Ишиңиздер жаңы илимий жетишкендиктер жана ири кендердин ачылыштары менен коштолсун, -деп айтылат куттуктоодо.
Бүгүн, 5-апрелде, Кыргыз тоо-кен тармагы кесиптик майрамын белгилеп жатат.
Сүрөт: Кенчилер. Интернет булактарынан




