Панфилов районунун Орто-Арык айылынын тоосунда куураган чөптөн чыккан өрт өчүрүлүүдө
- 11 месяцев мурун
Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылынын тоосунда 2025-жылдын 17-августунда куураган чөптөн чыккан өрттү өчүрүү иштери ошол убактан бери үзгүлтүксүз уланууда.
Бүгүн, 22-августт,а тоодогу өрттү өчүрүү иштерине Панфилов райондук өзгөчө кыраалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу тартылды. Кечээ нөөмөттө токой чарба кызматынын 2 кызматкери калган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Кошумча ӨКМдин Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу жана Токой кызматынан 15 кызматкер, жалпы 45 адам ыкчам аракеттерин көрүп жатышат.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




