Баткендин Кара-Булак айылындагы жайлоодо өрт өчүрүлүүдө

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 14-сентябрда, тоодогу өрттү өчүрүү иштерин улантуу максатында токой чарба кызматынан 20 жана жеринде нөөмөттө калган 2 кызматкер, жалпы 22 жаран тартылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Кечээ, 13-сентябрда, саат 17:50дө Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Кара-Тазы жайлоосунда куураган чөп өрттөнүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Жерине саат 18:10до беш өрт өчүрүүчү-куткаруучу, кошумча дагы 5 куткаруучу жеке унаасы менен чыгышкан.

Өрттү өчүрүүгө кошумча күч катары токой чарба кызматынан 5, Баткен райондук милициясынан 5, Кара-Булак айылынын жергиликтүү тургундарынан 40, ошондой эле Алтын-Бешик айыл аймагынан 50, жалпы 75 жаран тартылган.

Тилсиз жоо 21:00дө чектөөгө алынып, түнкү нөөмөттө да куткаруучулар калган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты