Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо сел жүрөт   

  • 2 недели мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 10-июнда, күндүн экинчи жарымында жана 11-июнунан 13-июнуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

ӨКМ бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болууну эскертет.  

Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз, “112” кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты