Токтогулда алдамчылыкка шектелип 24 жаштагы жаран кармалды

  • 2 года мурун

Токтогулда алдамчылыкка шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү Токтогул РИИБне, Токтогул районун 14 тургуну арыз менен кайрылган. Анда 15-август күнү Токтогул шаарынын убактылуу жашоочусу А.Т. аттуу келин алардын ишеничине кирип, аларды ар кайсыл банктан насыя алдыртып, пайызды кыскартып берерин убадалаганы жазылган.

Натыйжада 14 жаран жалпы сумма 2 миллион169 миң 200 сомдук чыгым тартышкан.

Аталган факты Токтогул РИИБинин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

21-ноябрь күнү Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, 2000-жылы туулган Ноокен районунун тургуну А.Т. аттуу келин Бишкек шаарынан кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми 22-ноябрда Токтогул райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты