Токтогул сыйлыгына көрсөтүүгө эмгектерди кабыл алуу башталат
- 1 месяц мурун
Президенттик администрация, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле тиешелүү чыгармачыл бирликтер тарабынан Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын изденип алууга чыгармачыл эмгектерди 2025-жылдын 3-мартынан тартып 31-мартына чейин кабыл алуу баштала тургандыгын жарыялайт.
Жарыя президенттин сайтында маалымдалды.
Кароого 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жарыяланган көркөм сүрөт искусствосу, музыка, театр искусствосу, кино искусствосу, драматургия, адабият (поэзия, проза) жаатындагы чыгармачыл эмгектер кабыл алынат.
Мамлекеттик сый акыга көрсөтүүгө чыгармалар жыйнагы, нускасы көрсөтүлбөгөн же 1000 нускадан аз басылып чыккан, окулушу оор майда шрифт жана саптардын ортосундагы тыгыз интервал менен басылган адабий чыгармалар, изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер, концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик коюулар кабыл алынбайт.
Мамлекеттик сыйлыкка талапкерлер маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана тиешелүү чыгармачыл бирликтерине кайрылуусу зарыл. Кошумча суроолор боюнча 55-77-64 телефон номерине байланышса болот.
Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө” жарлыкка 2024-жылы 1-июлда кол койгон. Аталган мамлекеттик сый акы үч жылда бир жолу тапшырылат.
Сый акыны алууга тандалган жарандар тобуна Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреаты наамы ыйгарылып, төш белги жана анын күбөлүгү тапшырылат. Ошондой эле, 1 миллион сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык төлөнөт. Эгер Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка бир нече адам татыктуу болсо, анда аталган сумма аларга тең бөлүштүрүлүп берилет.
Сый акы ээлерин тандап алуу үчүн атайын коомдук комиссия түзүлгөн. Коомдук комиссия жалыпысынан 19 адамдан туруп, Түгөлбай Казаков комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. Ал эми калган мүчөлөрү адабият жана искусство жаатындагы көрүнүктүү ишмерлерден түзүлгөн.
Сүрөт: Токтогул атындагы сыыйлыктын төш белгиси. president.kg