Токтогул шаар мэри уюшкан кылмыштуу топ менен кварц кенин басып алганы үчүн кармалды

  • 5 месяцев мурун

Токтогул шаарынын мэри Т.Э.А.нын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагындагы кварц кенин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен рейдерлик жол менен басып алууну уюштуруу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК Токтогул шаарынын мэринин аты-жөнүн ачыктаган жок, ал эми маалымат базасында — Тойгонбаев Эркинбек Абасканович деп берилген.    

2022-жылы ал аталган кен жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, менчик ээсине кварцты биргелешип иштетүүнү жана сатууну сунуштаган. Ээси тараптан баш тартууну алган Т.Э.А. белгисиз адамдарды тарткан, анын ичинде И.Б.А. аттуу “Дөө Чыңгыз” каймана аты бар  Ч. Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунан Токтогул шаарынын “байкоочусу” болом деп өзүн тааныштырган жаран да болгон. Андан соң жогоруда аталгандар күч колдонуп, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө коркутуу жолу менен жеке ишкерди аларга ишкананын 50% үлүшүн өткөрүп берүүгө мажбурлашып, Т.Э.А.нын уулунун атына каттатып коюшкан.

Андан кийин аталган жерде кварцты мыйзамсыз казып сатуу иштери жүргүзүлүп, андан түшкөн кирешени аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен бирге Токтогул шаарынын мэри алып турган.

Өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу Э.у.А., ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.Б.А. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана  иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Токтогул шаар мэри уюшкан кылмыштуу топ менен кварц кенин басып алганы үчүн кармалды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты